Жаш кыздар үчүн блоггер курстары

11-чи октябрьда бүткүл дүйнө жүзү боюнча Кыздар күнү белгиленип келет. Бул күнү кыздардын туш болгон коомдук көйгөйлөрү, коркунучтары, теңсиздик суроолору ачыкка чыгарылып талкууланат.
Биз бул күнү Кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн жана коомдук ролун күчөтүү боюнча UNDP in the Kyrgyz Republic алып барган долбоору алкагында кыздарга фото жана видео блоггинг курстарын баштайбыз. Бул курс, кыздарды, өз муктаждыктары жана керектөөлөрү жөнүндө өздөру айта тургандай кылып үйрөтүүгө багытталган. Бүгүнкү инновациялар жана маалыматтык технологиялар доорунда, ар бир кыз дүйнөгө өзүн көрсөтө алат деген ишеничте кыздарды үндөрүн күчөтүүгө чакырабыз.
Биздин тренерлер, өздөрүн социалдык тармактарда илгерилеткен фото, видео блоггерлер. Тренерлер командасын чогултуп жатканда эксперттер эмес, жөнөкөй бирок сонун специалисттерди чогултканбыз. Алар катышуучуларыбызга өздөрүнүн блогердик жолу жөнүндө айтып берип, кыздар менен үндөрүн жайылтуучу жаңы жана натыйжалуу ыкмаларды табууга аракет кылышат.

Leave a comment